Бүгүн, 22-апрелде "Кудайберген" базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу аталган базардын жанындагы Техникалык кароо станциясынын ижарачысы билдирди.
Анын айтымында, базар ичиндеги соода орундарынын ижарасы 3,5 миң сом болчу. Ал эми азыркы күндө 7 миң сомго көтөрүлдү. Ушул себептен соодагерлер бүгүн жумушка чыкпай, нааразылык акциясына чыгууну чечишкен.
Маалыматтарга таянсак, базардын ээси Эльвира Сурабалдиева соода орундарына баа акыркы жолу 2009-жылы көтөрүлгөнүн, ал эми андан бери жерге болгон салыктар беш эсе өскөнүн айткан. Ошондой эле мындай ижара төлөп иштегиси келбегендерге башка жактан орун издөөнү сунуштаган.