21-апрелге карата “Айыл чарбаны каржылоо-2” долбоорунун алкагында дыйкандарга банктардан 8799 жеңилдетилген насыя берилди. Жалпысынан бул тармакка 2 миллиард 685 миллион 580 миң сом багытталды.
Азыркы тапта аймактар боюнча Чүй облусуна 1596 жеңилдетилген насыя (646 595 сомду түзөт) берилди. Ысык-Көл облусуна – 1303 (346 811 сом), Талас – 970 (285 432 сом), Нарын – 849 (223 985 сом), Жалал-Абад – 1 782 (521 805 сом), Ош – 1547 (453 647 сом) жана Баткен облусуна 752 жеңилдетилген насыя (207 306 сом) берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.