Евразиялык экономикалык комиссиянын мүчөсү: “Жакында кыргыз өкмөтү Бажы биримдиги боюнча жол картасын Жогорку Кеңешке сунуштайт"

“Учурда Кыргызстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын макулдашуу тууралуу маселени жыйынтыктоого аз калды”,- дейт Евразиялык экономикалык комиссиянын мүчөсү Татьяна Валовая. Ал муну 17-апрелде Санкт-Петербург шаарында өткөн “Евразиялык экономика - келечек” аттуу Эл аралык форумдун экинчи жыйынында билдирди. Форум жыйынына КМШнын бир катар өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап үчүн сезилерлик көп суроолорду пайда кылуучу маселелер чечилгендигин белгиледи Валовая. “Албетте, биздин жасай турган иштерибиз арбын. Кыргыз өкмөтүндөгү кесиптештерибиз жакын арада жол картасынын долбоорун Кыргызстан парламентине сунуштаганы турат”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан