Өткөн сутка ичинде республика боюнча 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылында 12 чарчы метр чырпык менен жабылган сарайдын чатыры, саман жана тезек күйгөн. Кырсык аталган үйдүн кожоюнунун таштанды өрттөп, отко этиятсыздык менен мамиле кылуусунан келип чыккан.