Түштүк Кореяда 16-апрель күнү чөгүп кеткен “Севоль” жүргүнчүлөрдү ташуучу кемесинен дагы 30 адамдын жансыз денесин алып чыгышты. Маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 100дөн ашып, 200дөй адам дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде чет элдик басылмалар кабарлашууда.
Эске салсак, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда жалпы 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери.
19-апрель күнү кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынды. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн мойнуна алды.