"Кудайберген" базарынын соодагерлери бүгүн жумушка чыкпай, учурда базар алдында 500гө жакын адам топтошуп турат. Бул тууралуу аталган базардын жанындагы Техникалык кароо станциясынын ижарачысы маалымдады.
Маалыматка таянсак, базар ичинде соода орундарынын ижарасы 5, 7, 15 жана 30 миң сомду түзөт, учурда ал баалар эки эсе көтөрүлгөн. Азыркы учурда сатуучулар базардын жетекчилигин күтүшүүдө, алардын негизги максаты - ижаранын баасын төмөндөтүү.
Базар үч бөлүктөн турат: экси, жаңы жана бөлмө – унааларды тетик катары сатуучу жай. Учурда үч бөлүгү тең жабык.