Бүгүн мэриянын алдында Бишкектеги көчөлөрдүн бирине Владимир Путиндин ысымын ыйгаруу демилгесине каршы акция өтөт

Бүгүн мэриянын алдында Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине Владимир Путиндин ысымын ыйгаруу демилгесине каршы акция өтөт. Бул тууралуу жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 22-апрелде билдирди.

Анын айтымында, мунун артында саясат жатат.

“Мен бул демилгеге каршымын. Путиндин атын чокуга, көчөгө ыйгаргандай ал бизге эмне кылып бериптир? Мунун артында чоң саясат жатат”,- деди жарандык активист.

Эске сала кетсек, буга чейин КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Абдыкадыров Бишкектеги борбордук көчөлөрдүн бирине Владимир Путиндин ысымын берүүнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
880909
2014-04-22 10:08:29
биздин кошоматчы чондорубуз акчасы барлардын этегине намаз окуганынарды качан токтотосунар, намыс ар деген нерсе силерде барбы деги?
+3
Мэри
2014-04-22 10:12:20
Өндүрүш мырзанын көтөргөн маселеси эң туура, чокуга ыйгарганы жетишпей жатабы?
+1
Mir82
2014-04-22 11:46:35
Ошо чокусу кеткен да булардын, иште да путиндин суроту бар кийим кийип жургуло подхалимдер.
+1
Evrazia.
2014-04-22 14:51:00
Булардын ой жугуртусу кандай экенин тушунбойсун адам.
0
misha00
2014-04-22 14:59:36
Ушундай иш чара откоруп эки элдин ортосуна от жагасынар бирин кой десен бирин болбойт деп кой болду турсийинди башына кийип кочого акция откорушунор керекпи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан