Таласта каракчылык фактысына шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Талас шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал жашы 20-25 чамасындагы эки бет капчан адам дүкөнгө кирип тапанча жана бычак менен коркутуп, 5000 сом акча каражатын, уюлдук телефонун тартып алганын айткан.
Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары эки адам кармалды. Алар Талас шаарынын тургундары болушкан.