“Башкы прокурордун мага койгон айыбы боюнча жыйын өткөрүп, ага ошол кездеги бардык чиновниктерди чакырууну сунуштайм” дейт депутат Абдылдаев

"Башкы прокурор Аида Салянованын менин дарегиме айткан айыптоолору негизсиз". Муну бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди. Айтымында, бул маселе боюнча комитеттин кийинки жыйынында маселе каралат.

“Улуттук гвардиянын айланасына курулган үйлөр боюнча башкы прокурор менин атымды атады. Кийинки жыйында бул маселени карап, ошол кездеги чиновниктердин баарын чакыралы. 50дөй жетекчи катышат экен. Ошол учурдагы министрлерди, премьерди, парламент жетекчилерин, ошол үйдү курууга макулдук бергендерди, сотторду, баарын чакыралы. Ал үйдү курууга ким уруксат бергенин талкуулайлы. Мен бардык документтерди чогулттум. “Ал жерге үй курууга болбойт” деген менин кол коюлган визам турат. Мунун баарын жыйында талкуулайлы, бирөөлөр кечирим сурайт же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун айынан бирөөлөр отставкага кетет”,- деди депутат.

Айта кетсек, 17-апрелде парламентте отчёт берип жатканда башкы прокурор Аида Салянова аталган аймакка мыйзамсыз үй куруу фактысына депутат Мыктыбек Абдылдаевдин катыштыгы бар экенин айткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан