Асия Сасыкбаева: “Кыргызстанда аялдарды кемсинтип, басынткан салттарыбыз төмөндөп баратканын байкап жатабыз”

“Кыргызстанда аялдарды кемсинтип, басынткан салттарыбыз төмөндөп, жок болуп баратканын байкап жатабыз”,- деп билдирди ЖКнын төрагасынын орун басары Асия Саясыкбаева Пекин декларациясын жана иш-аракеттер платформасын аткаруу алкагында өтүп жаткан кеңешмеде.

Ал аялдар маселесин чечип, коомду алдыга жылдыруу керектигин белгиледи.

Кимдер менен болбосун, Кыргызстандагы кыз-келиндер маселесин жоюп, коомду алдыга жылдырышыңыздар керек. Бул абдан орчундуу. Анткени алар сиздердин иш-аракеттериңиздерге муктаж. Аялдарды бул багытта эне катары эмес, жаран катары карашыбыз керек. Бүгүн кыз-келиндер мурдагыга караганда бир топ мамлекеттик чечимдерге аралашып жатышат, аялдар 1990-жылдан кийин жаңы кесиптерге үйрөнүп, элди багып келишкен. Бүгүн жеке түрдүү мекемелерди ачып, бизнестерин өнүктүрүп, мамлекетке жардам берип жатышат”,- деди Асия Сасыкбаева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан