Бишкекте уурулук фактысына шектүүлөр кармалды

Бишкекте уурулук фактысына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 20-апрель күнү борбор шаардын тургуну милицияга кайрылган. Анда белгисиз эки адам "Ош базарынын" жанынан күч колдонуп сумкасын тартып алганы айтылган. Сумкада баасы 70 миң долларлык алтын жасалгалары жана 48 миң сом акча каражаты болгон. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү эки адам кармалды. Алар 22 жаштагы Р.Бакыт жана 27 жаштагы О.Азат болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан