Исмаил Исаков: “Аскердик органдарда өзүнчө желек болушу керек, анткени ал жоокерлерге дем берет”

Кыргызстанда аскердик органдарда гана өзүнчө желек болушу керек, башка мекемелерге кереги жок. Муну бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Исмаил Исаков билдирди. Айтымында, Салык кызматынын өзүнүн желеги болушу туура эмес. Буга чейин депутат Мыктыбек Абдылдаев аталган кызматтын өзүнүн желеги бар экенин билдирген эле.

“Муну карап чыгышыбыз керек экен, Салык кызматынын өзүнүн желеги болбош керек. Аскердик түзүмдөрдө желек болсо уруксат, анткени ал жоокерлерге дем берет, патриоттук сезимдерин ойготот. Жакында Жогорку Кеңеште басма сөз борбору ачылды. Ал жерге мамлекеттик желекти туура эмес өлчөмдө, кыйшык илип коюптур. Муну төрагага айтайын деп жатам. Өңү же өлчөмү туура келбеген желекти алып салуу керек. Ушундай кайдыгерликтин айынан көп иштер жасалууда”,- деди Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан