"Бишкектеги дүкөндөрдөн шоколад уурдап жүргөн" деп шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине "Народный" дүкөнүнүн кызматкери милицияга кайрылган. Анда жыл башынан бери аталган дүкөндөн белгисиз адам шоколад уурдап жүргөндүгү тууралуу маалымдалган. Мындан улам дүкөн 19 722 сом зыян тарткан. Укук коргоо кызматкерлеринин издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 30 жаштагы Т.М. аттуу жараны кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан