Депутаттар гербдеги ак шумкарды “буту сынык, куйругу кыздын юбкасына окшош” деп сындашты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинде кемчиликтер көп. Муну бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Исмаил Исаков айтып чыкты. Анын билдиришинче, негизги кемчилик гербдеги ак шумкардын сүрөтүндө.

“Ак шумкардын куйругун карагыла, кыздардын юбкасына окшош. Буттары сынгандай көрүнөт”,- деди Исаков.

Гербдеги дагы бир кемчиликти депутат Мыктыбек Абдылдаев комитет жыйыны өтүп жаткан залдагы гербден көрсөттү. “Карагыла, ак шумкардын артындагы көл толкундуу болуп турат. Негизи, көлдүн толкуну жок болчу. Мунун өзүнүн тартиби бар да”,- деди Абдылдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан