Бүгүн, 22-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү “Дордой” базарындагы администрация менен кеңешме өткөрүштү. Бирок кеңешмеге Салык кызматы тарабынан чакырылган журналисттер киргизилген жок.
Муну базардын жетекчилигине текшерүү тууралуу алдын ала маалымат берилбегени менен түшүндүрүштү. Белгилүү болгондой, базарда соода орундарына байланыштуу бир нече көйгөй катталган жана бул маселе боюнча аталган кызматка кайрылуулар түшкөн.
“Дордойдогу” кырдаалды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Алар 1-майга чейин ишкердик менен алектенгендердин патенттерин текшерип, салык төлөбөгөндөрдү ачыкка чыгаруу багытында иш алып барышат. Комиссия ар бир соода орунун текшерип чыгат. Кечээ, 21-апрелде кызматтан четтетилген Салык кызматынын кызматкерлеринин ордуна 18 адам дайындалды.