Өмүрбек Текебаев: “Көчө шыпыргычтардын айлыгынын аздыгы боюнча бир да жолу маселе көтөрбөгөн Профсоюз уюму “Кумтөргө” байланышкан мыйзам долбооруна каршы чыгууда”

“Кыргызстанда көчө шыпыргычтардын, медайымдардын айлыгынын аздыгы боюнча бир да жолу маселе көтөрбөгөн Профсоюз уюму “Кумтөргө” байланышкан мыйзам долбооруна каршы чыгууда”,- деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында. Аталган уюм мыйзам долбоору “Кумтөрдүн” кызматкерлеринин иш таштоого чыгуу укугун чектейт деп эсептей турганын айтты депутат. 

“Профсоюз өлкөдө көчө шыпыргычтардын айлыгынын аздыгы боюнча бир жолу иш таштоо уюштурдубу? Жок. “Кумтөр” маселесине келгенде гана иш таштоону эстеп калыптыр. Медайымдардын айлыгы кандай аз экенин билебиз, Профсоюз уюму эмне үчүн алардын укугу боюнча маселе көтөрбөйт? Тоо-кен институтунан Тажибаев деген адам парламентте “Кумтөр” маселеси каралып жатканда студенттерди мажбурлап митингге чыгарды. Жылына ондогон адам көмүр казуу учурунда кырсыктап жердин алдында калууда. Алар эмне үчүн шахтёрлордун укугун коргоо боюнча иш таштоо уюштурушпайт?”- деди Текебаев.

Айта кетсек, “Ата Мекен” фракциясынын лидери “Кумтөр” боюнча дагы бир мыйзам долбоор сунуштап жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчиси 12 жылга эркинен ажыратылат.

Мыйзам долбоору комитетте биринчи окууда колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан