Каныбек Осмоналиев: "Билим берүү министрлигинин 2014-2015-жылдарга карата планы шашылыш жазылган"

Билим берүү министрлигинин 2014-2015-окуу жылдары боюнча планы шашылыш жазылган. Бул тууралуу 22-апрелде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин отурумунда Каныбек Осмоналиев билдирди. 

Анын айтымында, айрым маселелер чийки бойдон калган. Депутат мурдагы бала бакчалардын абалына токтолуп өттү.

“Толук бүтүрүлгөн имараттарды берип, мамлекет кайра жарым-жартылай, кыйроо алдында турган бойдон кайтарып алууда. Ошондой эле кесиптик лицейлер тармагында да чечилбеген көйгөйлөр бар. Кечээ Токтогулдагы кесиптик орто окуу жайында болдум. 220 адамдын ордуна 30-40 адам отурат. Биз кимди алдап жатабыз?”- деди Осмоналиев. Мындан сырткары вице-премьер-министр Эльвира Сариевага кайрылып, бул тармактагы каржылоо маселесин көзөмөлдөөнү айтты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан