Бишкек шаардык ИИББ Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык жатак-үйүнө жардам көрсөттү. Балдарга оюнчуктарды, азык-түлүктөрдү жана жылуу кийимдерди тапшырды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Белектер Бишкек шаардык ИИББинин жалпы кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы болчу акчага алынды. Жалпы суммасы 128 000 сомду түздү. Кошумчалай кетсек, Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык интернат-үйүндө учурда 4 жаштан 18 жашка чейинки 255 бала тарбияланат.