Депутаттар мамлекет жетекчилеринин кортежинен МАИ кызматкерлерин алып салууну сунушташууда

Жогорку Кеңеште депутаттар мамлекет жетекчилеринин кортежинен МАИ кызматкерлерин алып салууну сунушташууда. Мыктыбек Абдылдаев кортеждин көчөдөгү ылдамдыгына нааразы. “Жолдун баарын бошоткону аз келгенсип, 120-140 деген ылдамдык менен өтүшөт экен. Көчөдө канча ылдамдык көрсөтүлсө, ошол чектен ашпасын. Алдына МАИ кызматкерлерин салып алышат, муну токтотуш керек. Биз да убагында жогорку кызматта иштегенбиз, “скромно” эле жүрчүбүз. Өткөндө кеңешме болот деп резиденцияга чакырышып, бара жатсам МАИ кызматкерлери кайра-кайра жол четине чыгарышты. Микрофон менен кыйкырышып, төрагасы деле, премьери деле жолдон чыгарат. Резиденцияга барганда “сессияда добуш сурасаңар артымдан ээрчийсиңер, көчөдө жол бербей чымын-куюнсуңар” деп айттым”,- дейт Абдылдаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан