Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон эже-сиңди изделүүдө

Бишкек шаарындагы Ырыскелди конушунун тургундары: 1995-жылы туулган Кутманбек кызы Айжан жана 1996-жылы туулган Кожомбердиева Айжамал аттуу эже-сиңдилер изделүүдө. Бул тууралуу жоголуп жаткан жарандардын эжеси Кутманбек кызы Айпери бүгүн, 22-апрелде кабарлады.

Маалыматтарга караганда, алар 17-апрель күнү саат 17:30 чамасында Ырыскелди жаңы конушунан чыгып кетишкен боюнча дайынсыз.

Кутманбек кызы Айжан күлгүн түстөгү чакмак көйнөк, жынсы шым, кара күрмө кийип жүргөн.

Кожомбердиева Айжамал кызыл түстөгү чакмак көйнөк, жашыл күрмө жана жынсы шым кийген. 

Туугандары бул кыздар тууралуу көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнүшөт: 0557 33-70-30, 0555 00-43-42

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
aikol87
2014-04-22 13:09:03
Табылып калышсын эми.Барган сайын жашоо татаалдашып баратат.Жоголмой,олтурмой, зордуктамай эртенки кунубуз карангы.
+6
Akshumkar
2014-04-22 13:42:15
жашоо эмне болуп жатат
+1
jypara1415
2014-04-22 15:00:44
Аман - эсен табылып калышсын .
0
Talantchik
2014-04-22 16:07:40
Татынакай кыздар экен аман болсо экен буларды да олтуруп кетпей
0
aikow92
2014-04-22 16:52:23
1) Өзүңө сак бол!!!
2) Менин милициям качан мени коргойт(((
0
Aipri
2014-04-22 17:42:12
Жаратканым баарыбызды сактасын. Аман эле болсо экен.
0
Beko87
2014-04-22 20:40:49
бойго жетип калган кыздар экен.кайда кетиши мумкун?табылып калсын эми.
0
sardaralay
2014-04-22 20:45:12
Интернет кафелерден издеш керек.
0
Nura2.2
2014-04-22 22:38:16
татынакай кыздар экен аман эсен табылышсын.Кандай жашоо болуп кетти адамдардын мунозу бузулуп
0
Bagysh
2014-04-22 23:52:07
Бул кыздарды башка документтер менен чет мамлекетке сатып жибербесе болгону.Кудайым озун сактап табылып калсын.
0
rayana86
2014-04-23 00:35:29
Кыздаар озунорго гана сак болгула!сактанганды кудайым сактайт.
0
yasmina_kg
2014-04-23 08:12:17
Сулуу кыздар сак болгулачы,адам деген аты бар айбандардан.Алар акча учун энесин саткандан кайра тартпайт.
0
Mir82
2014-04-23 09:46:11
Ушунун баарына мен бийлик гана куноолуу деп эсептейм, закон жок коррупция бут. Эгерде эртен же бугун оппозиция митинг откорот имиш дегенде кандай гана чукул чара корушмок жон эле министирлери баш болуп
+2
danok88
2014-04-23 15:38:08
азыр чынында баары интернет аркылуу танышышат маняъкпы ал ким экенин билбейбиз биз озу кыздарды катуу кармабайбыз да ошол учун кыздарыбыз россияда да журушотко ар кайсы улут менен башка улуттар бойдок кызын жиберишпейт
-1
upol92
2014-04-23 16:08:47
Аман эсен табылып калышсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан