Алмазбек Атамбаев энергетика министрине курулуп жаткан көмөк чордондорун пайдаланууга берилишин камсыз кылууну айтты

Бүгүн, 22-апрелде Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика жана өнөр жай министри мамлекет башчысына жылуулук берүү мезгилинин кандай өткөрүлгөндүгү, өлкөнүн энергетикалык системинин күзгү-кышкы мезгилде иштеши туурасында маалымат берди. 

Мамлекет башчысы Энергетика жана өнөр жай министрлигине курулуп жаткан көмөк чордондорун пайдаланууга берилишин камсыз кылууну айтты. Ошондой эле өлкөбүздүн негизги энергетикалык объектилерине отунду ташып жеткирүүгө келишимдерди өз учурунда түзүү жана аларды оңдоо иштерин өз  мөөнөтүндө аяктоо милдетин тапшырды. 

Президент менен министр Осмонбек Артыкбаев өлкөдөгү жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн дагы талкуулашты. 

Тактап айтканда, министр өлкө башчыга 1961-жылдан бери эксплуатацияланып келе жаткан Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруунун башталышы тууралуу маалымат берди. 

Осмонбек Артыкбаевдин маалыматы боюнча, долбоор аяктагандан кийин, 2016-жылы станциянын болжолдуу кубаттуулугу 550 МВт болот, жаңы буу агрегаттары жергиликтүү көмүр менен жылытылат. 

Алмазбек Атамбаев министрге келерки күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү жана ири энергетикалык долбоорлорду өз учурунда ишке ашыруу боюнча конкреттүү милдеттерди тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан