“Президент Атамбаевдин коррупция менен күрөшөм дегени чын болсо, Азиз Батукаевдин маселеси боюнча принципиалдуу баасын бериши керек”,- деп билдирди депутат Мыктыбек Абдылдаев ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 22-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, Батукаевдин бошотулушу боюнча акча алды деген кызматкерлер тууралуу маалыматтарды иликтеп чыгуу зарыл.
“Маалымат булактарына Батукаев боюнча кимдин 500 миң доллар, кимдин 300 миң доллар, кимдин 200 миң доллар акча алганы жарыяланды. Муну эмнеге байкамаксан болобуз? УКМК иликтеп чыксын, акча алгандары чын болсо, “алдык” дешсин. Эгер жалган болсо, "акча алды" деп билдирген адам жооп берсин. Президент Атамбаев коррупция менен күрөшөм деген адам болсо, бул маселеге принципиалдуу баасын бериши шарт”,- деди Абдылдаев.