Жыйындын максаты - алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердеги революция жана төңкөрүштөрдөн соң, өлкө ичиндеги саясий туруксуздуктан улам жалпы Кыргызстан элин ынтымакка жана биримдикке үндөө.
"Акыркы күндөрү чет мамлекеттердеги саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкө ичиндеги айрым саясий күчтөрдүн опурталдуу чакырыктарынан улам эгемендүү мамлекетибиздин көз карандысыздыгына шек келүүдө. Мамлекеттүүлүктүн сакталышына жана элдин бекем биримдигине умтулган жарандар ынтымак жыйынын өткөрүшмөкчү" деп айтылат маалыматта.
Жыйынды "Калыс" саясий кыймылы жана Кыргызстан калкынын ассамблеясы уюштурууда.