Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин катчысы Им Бора айым Ошко келди

Түштүк Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин катчысы Им Бора айым жетектеген делегацияны өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков тосуп алып, жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда келген өкүл шайлоо процессинде заманбап технологияларды колдонуунун жаңы моделин презентациялады. Ошону менен катар Им Бора айым жергиликтүү шайлоо участкалары менен таанышарын, андан кийин конкреттүү сунуштарын айтарын билдирди.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков шайлоолордо жаңы технологияларды колдонуу учурдун талабы экендигин айтып, таза шайлоо элдин бийликке болгон ишенимин арттыра тургандыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан