16-апрель күнү “20 жаштагы жигитти уурдап, ал үчүн 70 миң сом талап кылган” деп шектелип 5 жарандын кармалгандыгы маалымдалган эле. Аларга “адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко жөнөтүлгөн. Бирок белгисиз себептерден улам алардын төртөө үй камагына чыгарылып, бирөө 1 жума камакка алынган. Жабырланган 20 жаштагы жигит кылмышка шектүүлөр эркиндикке чыгып алышып, эми кайра аны коркутуп жатышканын айтат.
“13-апрель күнү унаамды сатып, саат 18:00 чамасында "Виола" салонунда чачымды кырктырып жаткам. Анан эле Руслан аттуу кошунам телефон чалып калды. “Кайдасың?” дегенинен даректи айткам. Айтылган жерге 15 мүнөттүн ичинде келип калды. Ал-акыбал сурашкан соң “Унаага түшпөйсүңбү?” деди. Ичин карасам 4 бала бар экен. “Сыртта эле сүйлөшөлү” деп кирбей койдум. Бир маалда унаанын ичинен балдар чыгып, каршы болгонума карабай салып кетишти. Жанымда кызым бар эле. Ал ошол жерде ыйлап кала берди. Башыма күрмө ороп, кай жакка алып барышты билбейм, 30 мүнөттөй жол жүрүштү. Бир үйгө алып барышып, "акча бер" деп катуу сабашты. Мен “Акча жок, кайсы акчаны берейин?” дедим. Анан "карызга акча алгам" деп тил кат жаз" дешти. Мен жазбай койдум. Айлалары кеткенде электрошокер менен коркута башташты. Анда да жазган жокмун. Бирөөсүнө телефон чалып “аң каза бер” деди. Ошондо ойлонуп, “мейли, апама чалгыла” дедим. Алар түнкү 02:00дө апама чалышып, "балаңар үчүн 70 миң сом таап келгиле" дешти. Апам акча жок экенин айтты. Анан таякеме чалышты. Ошол учурда ал мени издеп милиция кызматкерлери менен жүргөн экен. Айткан суммасына макул болушуп, Жибек Жолу көчөсү менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жолугушуу белгиленди. Таңкы саат 06:30 чамасында акчаны алып жаткан жеринен кармалышты. Ал балдар менин бир тууган эжемдин классташтары. Бир жерде жашасак, кай жакта жашаарымды билишет да. "Үйүңдү өрттөйбүз, туугандарыңды ойло" деп коркутуп, менден тосмо арыз алып кетишкен. Коркуп эле жазып бердим. Эми чыгып алышып “Мына чыктык, эмне болдук, өлгөн жокпуз. Акча баарын кылат. Биз тергөөчү менен сүйлөшүп койгонбуз” деп кайра мени күнөөлүү кылып отурушат”,- деди жабырлануучу.