2013-жылы Мамлекеттик салык кызматы "Дордой" базарынан 34 миллион сом салык топтоону пландаган. Бирок 31 миллион сом чогултулду. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылдын март айында Статистикалык кызмат, Каржы полициясы, Бишкектин мэриясынын кызматкерлеринен жумушчу топ түзүлгөн. Бул топ “Дордой” базарынан 34 миллион сом базалык салыкты топтоону пландаган. Бирок бүгүнкү күндө бул максат орундала элек. “Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен 31 миллион сом чогултулду”,- деди Кумашев.