Эртең, 23-апрелде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 73809-аскер бөлүгүнүн базасында жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында спорттун аскердик колдонмо түрлөрү боюнча 2-республикалык Спартакиадасын уюштурат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Спартакиаданы өткөрүү үчүн атайын программа иштелип чыккан. Анда оксуз кармашуу, 100 метрге ылдамдыкта чуркоо, турникке тартылуу, автоматты чачып-чогултуу, гранатаны алыстыкка ыргытуу, аралаш аскердик эстафета, пневматикалык мылтыктан таамай атуу боюнча мелдештер жүрүп, ар бир команда канчалык деңгээлде спортту сүйөрүн көрсөтөт.
Иш-чаранын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен, КРнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен жана «Жоокерлер энелери» коомдук бирикмесинен өкүлдөр катышат.