Ош облусунун Ноокат районунда түшкөн чагылгандын кесепетинен бир канча кожолук электр энергиясыз калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 21-апрель күнү кечки саат 21:45 чамасында чагылган түшүп, электр линияларына зыян келтирген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, түшкөн чагылган 14 мамычанын ортосундагы 700 метр аралыктагы жогорку чыңалуудагы электр зымдары үзүп, жараксыз абалга келтирген. Натыйжада 2096 кожолуктун жашоочулары жарыксыз калышкан.