Бүгүн, 22-апрелде Бишкекте жаш активисттер "Жердин күнү" ("День земли") аталышындагы экологияны сактоого арналган флешмоб уюштурушту. Иш-чара "Ала-Тоо" борбордук аянтында жана К.Баялинов атындагы китепканада өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, бүгүн, 22-апрелде бүткүл дүйнөдө Жердин күнүнө арналган ар түрдүү акциялар өтөт. "Биздин негизги максатыбыз - Жердин тургундарынын көңүлүн экологиялык маселеге буруу. Бүгүнкү иш-чарабызга Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери жана активисттер катышты. Алар кызыктуу сүрөттөрдү тартып, элге сунушташты",- дешет уюштуруучулар.