Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Аксыдагы “Иринжит” каналынын курулушун ушул жылдын 1-майына чейин бүтүрүү тапшырмасы берди.
“Буга чейин аталган каналдын курулушун май айынын башына чейин бүтүрүү боюнча тапшырмалар берилген. Бир аптадан кийин май айы. Ага чейин каналдын курулушу бүтүшү керек”,- дейт Сарпашев.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Сарпашев быйыл өлкөдөгү ирригациялык тармактагы иштер 40 пайызга жогорулашы керектигин, анткени Суу чарба жана мелиорация департаменти 8 миллион долларлык техникалар менен камсыздалганын айтты.