Жылнаама, 23-апрель: Мындан 6 жыл мурун "Супер-Инфо" гезитинин расмий порталы "Медиа-портал" бөлүмү менен толукталган

* Мындан 6 жыл мурун "Супер-Инфо" гезитинин расмий порталы "Медиа-портал" бөлүмү менен толукталган. Ушул күндөн тартып гезиттин интернет мейкиндигиндеги окурмандары жаңы ырлар, клиптерди өз убагында угуп, көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Белгилей кетсек, "Супер-Инфо" гезитинин расмий порталы 2006-жылдын 28-мартында ишке кирген.
* Бул күн Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү катары белгиленет. 23-апрель - дүйнөлүк адабият үчүн символдук мааниси бар дата. Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан. Мындан улам ЮНЕСКО уюмунун Башкы конференциясы китеп жана автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алган. Өкмөттүк токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.
* Мындан 74 жыл мурун опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев Фрунзе шаарында туулган. Ташкенттеги Мамлекеттик консерваторияны бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрына солист болуп кирген. Искусство институтунда окутуучу болуп эмгектенген. Консерваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучуларынын биринчи сынагынын лауреаты болгон. Миландын "Ла Скала" театрында стажировкадан өтүп, ырдоо чеберчилигин өркүндөткөн. Ал көптөгөн операларда башкы ролдорду аткарган. Концерттик программалар менен чыккан, Москванын Чоң театрынын сахнасында Санкт-Петербургдун Академиялык опера жана балет театрында ырдаган.
Болот Миңжылкыев эл аралык, бүткүл союздук сынактардын катышуучусу жана Бүткүл союздук Ленин комсомолу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Ырчы тубаса кооз тембрлүү, диапазону кенен үнү менен атактуу болгон. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.
Болот Миңжылкыев 2000-жылы 60 жашка караган курагында көз жумган.
* 398 жыл мурун, 1616-жылы англиялык акын, драматург Уильям Шекспир Англиянын Стратфорд-на-Эйвоне шаарында каза болгон.
Уильям Шекспир 1564-жылы 26-апрелде Англиянын Стратфорд деген шаарчасында кол өнөрчү-соодагердин үй-бүлөсүндө туулган. Англиядагы мыкты мектептердин биринен окуп, андан латын жана байыркы грек тилин үйрөнүп, Грек - Рим дүйнөсүнүн тарыхы жана адабияты менен таанышкан. Алган билими кийинки чыгармачылыгына чоң таасирин тийгизген.
Уильям Шекспир өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө 37 пьеса, 17 комедия, 11 трагедия, 5 поэма жана 150дөн ашык сонет жазган. Анын "Жаңылыштык комедиясы" (1592), "Азоого чалма" (1593), "Генрих Vl" (1590-1592), "Ричард lll" (1593) пьесаларынын негизги идеясы мамлекетти бириктирүү зарылдыгы жана феодалдык анархияны жоюу болгон. Шекспир дүйнөлүк драматургияда биринчи болуп пьесаларын миф, легендаларга аралаштырбай, күрөшүүнү түздөн-түз реалисттик жол менен чагылдырган. Экинчи мезгилдеги "Ричард lll" (1593), "Ромео жана Жульетта" (1595), "Виндзордогу ойсокелер" (1598), "Он экинчи түн" (1600) драмаларында турмуштун карама-каршылыктарын терең сүрөттөп, алардын гармониялуу чечилишине ишеним көрсөтөт. Шекспирдин чыгармачылыгынын үчүнчү мезгили (1600-1608) Англиянын коомдук-саясий турмушунун бурулуш жылдарына туш келет. Ушуга байланыштуу трагедиялык кырдаалдагы социалдык-философиялык чыгармалары "Гамлет"(1601), "Король Лир" (1605), "Отелло" (1604), "Макбет"(1606), "Тифон Афинский" (1608) жана башкалары жаралган. Уильям Шекспир реалист-гуманист болгон. Ал өзүнүн чыгармачылыгында зор көркөмдүк күч менен пайдакерчилик, арамдык, жүзү каралык, адамдын тагдырына зыянкечтик кылуу сыяктуу көрүнүштөрдүн бетин ачкан. Анын чыгармаларындагы айрым образдар аркылуу көрсөтүлгөн.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан