Бишкекте 23-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 69 жылдыгына карата эскерүү митинги өтөт. Иш-чара "Жеңиш" аянтында орун алып, ага шаар башчысы Кубанычбек Кулматов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, согуштун жана эмгектин 130 ардагери жана башкалар катышарын мэрия кабарлады.
Ардагерлерге арналган майрамдык концерт тартууланмакчы.