Бишкектин айрым жерлеринде жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Кыргызгаз» ААКынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаратылыш газы 24-апрелден 25-апрелге чейин Жаш Гвардия бульварында, Баялинов, Күрөңкеев, Малышев көчөлөрүндө убактылуу токтотулат. Аталган аймактарда газ түтүкчөлөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөрү белгилүү болду.