Мамлекеттик кызматкерлер 2013-жылдагы кирешеси жана мүлкү боюнча тапшырган декларациясына 1-майга чейин өзгөртүү киргизе алышат. Муну SUPER.KG порталына Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин декларациялоо бөлүмүнүн башчысы Зульфия Айтиева билдирди. Анын билдиришинче, 1-майдан кийин декларацияга эч ким өзгөртүү киргизе албайт.
Айта кетсек, буга чейин парламентте декларациясында туура эмес же толук эмес маалымат берген кызматкерге айып пул салуу маселеси көтөрүлгөн. Тактап айтканда, мүлкү тууралуу туура эмес маалымат берген мамлекеттик кызматкерлерге 5 миң сом, ал эми декларация толтуруу тартибин кайталап бузгандарга 10 миң сом айып салынмакчы.