Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 22-апрелде Чүйдүн Ала-Арча, Новопавловка айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда “Манас” жүк ташуучу транзиттик борборуна караштуу жердин мындан кийинки тагдыры талкууланганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жергиликтүү кеңештин депутаттары аталган аймакты чет өлкөгө сатуу боюнча маалыматтарга тынчсызданышканын айтышты.
Маматалиев АКШнын базасы чыгып кеткенден кийин аталган аймак Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштей турганын билдирди. “Ал жерди чет өлкөгө сатуу боюнча сөз болушу мүмкүн эмес. Бул маселенин баары мыйзам чегинде чечилет. Силер менен кызматташып, сунушуңарды угууга даярбыз”,- деди вице-премьер.