Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 22-апрелде Ички иштер министрлиги менен кеңешме өткөрдү. Анда премьер Жумгал районунда 2013-жылдын 1-декабрындагы резонанс жараткан окуяны баса белгилеп, ага укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү баа берилиши керектигин айтты.
“Өзүңөр билгендей, Жумгал районунун тургуну Айбек Мамбеталиев милиция тарабынан кармалып, каза болгуча сабалган. Бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Иликтөөнүн жыйынтыгы катуу токмоктоо фактысын жаап-жашырууга бир нече жолу аракет болгонун далилдеп жатат”,- деп билдирди премьер-министр.