Бишкек: Оңдоо иштерине байланыштуу Бөкөнбаев жана Л.Толстой көчөлөрү жабылды

Бишкекте бүгүн, 22-апрелде оңдоо иштерине байланыштуу Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрү автоунаалар үчүн жабылды. Мэриянын билдиришинче, Бөкөнбаев көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Некрасов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолмокчу (узундугу 1,5 чакырым). Көчөнүн туурасы 9 метр болуп кеңейтилет.

Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоло турганы айтылды (узундугу 1,6 чакырым).

“Лев Толстой көөчөсүн оңдоо иштери башталды. Бөкөнбаев көчөсүндө даярдык иштери жүрүүдө”,- деп билдирет мэрия. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан