Осмонбек Артыкбаев “Кыргызстан электр энергиясын экспорттоону токтотушу керек” дейт

Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 22-апрелдеги жыйынында энергетика маселеси талкууланды. Жыйынтыгында өкмөткө энергетикалык жагдайды иликтеп, кырдаалдан чыгуу жолдорун иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү сунушталды. 

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев жалпы энергетикалык абал, Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышы, күзгү-кышкы мезгилден чыгуунун жолдору боюнча маалымат берди. Министрдин билдиришинче, өлкөдөгү ГЭСтердин 53 пайызы мындан 40 жыл мурун салынса, 37 пайызы 30 жыл мурун курулган. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,5 миллиард метр куб. Артыкбаев кырдаалдан чыгуу үчүн электр кубатын экспорттоону токтотуу, аны Тажикстандан импорттоо зарыл экенин айтты.

Депутаттар суунун азайып же көбөйүшүндө суу сактагычка келген суулардын агымына мониторинг жүргүзүү, өткөн 3 жылда өндүрүлгөн электр кубатынын экспорттоодогу баанын коюлушу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан