Жергиликтүү жашоочулар Токтогул менен Таластын ортосундагы талаш жайыттардын көйгөйүн тезирээк чечүүнү суранышууда  

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев 21-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы жана Токтогул райондорундагы мектеп, бала бакча жана кесиптик лицейлер менен таанышты. Жолугушууда депутат парламенттин кароосуна киргизилип жаткан Бирдиктүү улуттук тестирлөө боюнча мыйзам долбоору менен тааныштырып, шайлоочулар менен талкуулады.

“Иш сапарда депутат Токтогулдагы бала бакчалардын башка мекемелерге өтүп кеткенин, Кара-Суу айылындагы мектептин полдору жана дубалдары оор абалда турганын көрдү. Осмоналиев Токтогул районунун кесиптик лицейи менен таанышууда 177 орундуу лицейде 50 гана студенттин сабакка катышып жатканын көрүп, мекеме директоруна сын айтты”,- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.

Жергиликтүү тургундар Токтогул району менен Талас облусунун ортосундагы талаштуу жайыт маселесинин чечилишин тездетүүгө жардамдашууну депутаттан өтүнүшкөнү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан