Депутат Дамира Ниязалиева “Эжеден сиңдиге” долбоорунун алгачкы лектору болду

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева 22-апрелде борбор шаардагы “Эжеден сиңдиге” долбоорунун алгачкы лектору болду. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн иш-чаранын максаты - Кыргызстандагы белгилүү айымдардын үй-бүлө менен карьераны бирдей алып, ийгиликке жетишүүсүнүн сыры боюнча тажрыйба бөлүшүп, студент кыздарга кеп-кеңеш берүү.

Университеттин ректору Искендер Исамидинов болочокто эне боло турган кыздарга туура багыт берүү зарылдыгына токтолуп, кыздарга депутат Дамира Ниязалиеванын басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү дем берерин билдирди. Жолугушууда студент кыздар депутат айымдын бала чагынан тарта үй-бүлөсүнө чейин, жигердүү студенттик курагы, 10 жылдык мугалимдик үзүрлүү эмгеги, ишкердиктеги жетишкендиктери жана азыркы учурдагы саясаттагы ишмердүүлүгү менен кенен таанышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан