Түштүк Кореядагы кырсыктан каза болгондордун саны 139га жетти

Түштүк Кореядагы кырсыктан каза болгондордун саны 139га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде чет элдик маалымат булактары жазышты. Учурда дагы 160ка жакын адамдын дайыны билинбей жатат.

Эске салсак, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери.

19-апрель күнү кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынды. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн мойнуна алды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
doni89
2014-04-23 08:46:12
Калган 160да суу астында калдыда мектеп окуучууларыынын уй булолоруно кыйын блдуго балдарын жоготуп..
+4
Dadasdasd
2014-04-23 09:18:43
ООба кыйын эле болду. Техника канчалык онуксо да Аллах баарын башкарат.
+7
jypara1415
2014-04-23 09:59:24
Кудай озу сактасын мындай кырсыктардан .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан