Өткөн сутка ичинде республика боюнча 42 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде республика боюнча 42 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 10, Ысык-Көл облусунда 13, Нарын облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 4, Талас облусунда 3, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын 12-кичи районунда Бишкек троллейбус башкармалыгына караштуу диспетчердик вагондо өрт чыккан. Анда вагондун ичинин 20 чарчы метри күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин бузулушу себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан