Бүгүн таңга маал Ош шаарында чайканалардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу 23-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт 04:30 чамасында Ош шаарынын Туран кичи районунда жайгашкан “Багирам” чайканасында чыккан. Анын кесепетинен чайкананын 250 чарчы метр чатыры жана 2 бука, 2 кой күйүп кетти. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.