Ысык-Көл облустук ооруканасынын аймагында өрт чыгып, трансформатор күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-апрель күнү саат 22:30 чамасында Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасынын аймагында өрт чыккан. Анын кесепетинен 20 сотых куураган чөп жана 1 трансформатор күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.