Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутат Назарали Арипов Баткендин Лейлек районундагы газ түтүктөрү боюнча көйгөйдү кайрадан көтөрдү. “Кыргызгазпром” ал түтүктөрдү казып алганы жатат. Бул боюнча тийиштүү тапшырмаларды бериш керек”,- деди депутат.
Арипов буга чейин “Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылынын Арка жана Борбордук аймактарынан 1960-жылдары 26 чакырым газ түтүгү өткөрүлгөн. “Кыргызгаз” ишканасы Орусияга сатылды, “Кыргызгаздын” “Түштүктрансгаз” ишканасы жараксыз болуп калган түтүктөрдү демонтаждоо иштери башталарын эскертип жатат. Бул түтүктөр өткөрүлгөн жерде 100 гектардан ашык айдоо аянты бар. Жергиликтүү тургундар ушул газ түтүктөрүн суу өткөрүүгө пайдаланууга берүүнү суранып жатышат. Анткени 100 гектардан ашык айдоо аянттарынын жер кыртыштары бузулуп, экологиялык жана материалдык зыяндарга учурап калуу коркунучу бар. “Кыргызгаз” тарабынан берилүүчү компенсациянын төлөмдөрүнө эл канааттанбайт. Элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коюшубуз керек. “Кыргызгазда” азыр бул түтүктөрдү башка линиялар менен алып өтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар” деп билдирген эле.