Бүгүн, 23-апрелде Айбек Өмүралиев Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми башкармалыктын мурунку жетекчиси Молдокмат Тезекбаев жеке арызынын негизинде кызматтан бошоду.
Маалымат үчүн:
Өмүралиев Айбек Медербекович 1970-жылы туулган. Москвадагы Н.Э.Бауман атындагы ММТУ окуу жайынын механизация жана технология факультетин, Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетин бүтүргөн. Учурда КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратурада билимин улантууда.