Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутаттар Ошко газдын берилбей жатышы боюнча өкмөттүн маалымат берүүсүн талап кылышууда. Сунушту депутат Дастан Бекешев айтып чыкты.
“Ошко барып шайлоочулар менен жолугушуп келдим, баары жаратылыш газынын берилбей жатышына нааразы. “Кыргызгазды” “Газпром” сатып алды, бирок эмне үчүн газ берүү үзгүлтүккө учурап жатат? Бул боюнча парламентте өкмөттүн маалыматын угалы”,- деди Бекешев.
Төрага Асылбек Жээнбеков маалымат жыйындын аягында берилерин билдирди.