ЖКда Социалдык фонддун 2012-жылга бюджети тууралуу мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 29-декабрда ЖКнын жыйынында “КРнын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджети жана 2013 – 2014-жылдарга божомолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Аталган маселе боюнча баяндама жасаган Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, киргизилип жаткан түзүтүүлөр 2012-жылга бекитилген Социалдык фонддун бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн өзгөртүүсүнө байланыштуу. Мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө “Баатыр эне” наамын алып жүргөн жарандарга Соцфонд тарабынан эч кандай карызы жоктугу такталды. Ошондой эле 2013-жылы пенсиянын көлөмүн 10 пайыздан кем эмес көтөрүү пландаштырылып жаткандыгы белгилүү болду. Депутат Мирлан Бакиров кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо боюнча мурдагы тариф сакталганын, эс алууга жолдомолор ачык-айкын жүргүзүлө баштаганын тактоого алды. Мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жиберилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан