Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев мөңгүлөр үчүн төлөмдү кымбаттата турган мыйзам долбоорун тийиштүү агенттик карабай кечиктирип жатканын айтты. Депутаттын билдиришинче, мөңгүлөр тууралуу сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдоо зарыл.
“Мөңгүлөр боюнча мамлекеттик саясат, аны аткара турган орган жок. Мөңгүлөрдү Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги, Суу чарба департаменти же Экологиялык-техникалык инспекция коргобойт. “Кумтөрдөн” мөңгүнүн үстүнө 1 тонна таштанды төккөнү үчүн 1 сом 20 тыйындан төлөм алынат”,- деди депутат.
Текебаев Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабир Атажановго кайрылып: “1 тонна үчүн 5 доллардан кылалы деп мыйзам сунуштап силерге жөнөтсөк, көптөн бери карабай кечиктирип жатасыңар. 2 жылдан бери “мыйзам жок” деп келдиңер, мыйзам сунушталгандан кийин тезирээк карап, тыянагыңарды бергиле да”,- деди.