"Мөңгүлөр жөнүндө сунушталып жаткан мыйзам мындан ары Кум-Төрдөгү мөңгүлөрдүн талкаланышына чек коёт". Муну бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева айтты. Анын билдиришинче, мыйзам алтын кениндеги иштерге тоскоол боло албайт.
“Кум-Төрдөгү дагы бир мөңгүнүн алдындагы алтынга кызыгышууда. Мыйзам ага жол бербейт, алтын казып алуу иштери мындан ары жер алдында гана жүргүзүлөт”,- деди депутат.
Айта кетсек, мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.